06.06.2019 10:40
Чүй губернатору Туйгунаалы Абдраимовдун отставкасы талап кылынууда
Социалдык тармак колдонуучулары өкмөттүн Чүйдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун отставкасын талап кылууда. Интернетте #Абдраимовкетсин хештеги кое берилди.
Кечээ, 5-июнда Абдраимов Орок айылындагы жаңжал боюнча комментарий берүү учурунда журналист кыздын суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан. Себебин сурагандарга «Ал журналисттин жүзү жагымсыз экен, мага жакпай калды», -деп жооп берген. Ошондой эле, «Ала-Тоо-24» журналисттерине гана жооп берерин кошумчалаган.
Журналисттер муну менен аткаминер мыйзамды бузуп, кабарчынын маалыматка болгон укугун чектеди дешүүдө. Алар өкмөттөн Абдраимовду кызматтан кетирүүнү талап кылып жатышат.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: